SAT десанттарынын татаал машыгуулары ТРТнын Даректүү тасма каналынан көрсөтүлөт

ТРТнын билдирүүсүнө ылайык, «Атайын топ Саламандер» даректүү тасмасында, жогорку спорттук чеберчиликке ээ 13 жарандык спортчу биригип, SAT десанттарынын машыгуусунун эң оор жумасынан шыктануу менен долбоорлонгон машыгуу симуляциясын аткарышат.

1589139
SAT десанттарынын татаал машыгуулары ТРТнын  Даректүү тасма каналынан көрсөтүлөт

Суу астынан чабуул коюучу (SAT) десанттарынын татаал машыгууларынан илхам алынып даярдалган «Атайын топ Саламандер» (Special Tim Salamander)даректүү тасма сериалы 27-февралдан баштап Түркиянын радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (ТРТ) Даректүү тасма каналынын экранынан көрсөтүлө баштайт.

ТРТнын билдирүүсүнө ылайык, «Атайын топ Саламандер» даректүү тасмасында, жогорку спорттук чеберчиликке ээ 13 жарандык спортчу биригип, SAT десанттарынын машыгуусунун эң оор жумасынан шыктануу менен долбоорлонгон машыгуу симуляциясын аткарышат.

SAT десанттарынын машыгуусунан шыктанып долбоорлонгон даректүү тасмада, пенсионер SAT десанты Бүлент Куру жана анын командалаштары көп жылдык тажрыйбаны колдонуп, спортчулардын чегин күчөтүштү.

Алдын ала тандоолорду ийгиликтүү аяктаган катышуучулар акыл-эс туруктуулугун жана мыкты командалык чеберчиликти өстүргөн тренингдеги күрөшүнө жооп иретинде символдук маанидеги салтанатта «Саламандер сертификатын» алышат.

Даректүү тасмада спортчулар ар кандай стресстик абалга туш болуп, 6 күн бою 8 саат гана уктап, километрлеген аралыкты чуркап өтүшөт. Дене тарбия сааттары жана чексиз жазалар машыгуунун бир аз бөлүгү болуп саналат.

«Акынжы» даректүү тасмасынын продюсери тарабынан даярдалган даректүү тасманын, режиссерлорлугун Алтуг Гүлтан жана Бурак Аксой милдеттенишкен.  SAT десанттарынын күнү-түнү тыкыр машыгуудан өтүшү камерага түшүрүлүп,  27-февралда Түркия убактысы боюнча саат 21.30да биринчи бөлүк менен ТРТнын Даректүү тасма экранына чыгат.



Тектеш кабарлар