Фригия мезгилине таандык 2600 жылдык "Кубаба алтары" табылды

Курмандык чалынуучу жайдын Анадолу археологиясы үчүн алгачкы болгону билдирилди.

1574174
Фригия мезгилине таандык 2600 жылдык "Кубаба алтары" табылды

Амасьядагы Олуз Хөйүк казууларында Фригия мезгилине таандык 2600 жылдык "Кубаба алтары" табылды.

Стамбул университетинин археология бөлүмүнүн окутуучусу профессор др. Шевкет Дөнмез жана анын тобу, Олуз Хөйүк казуу иштери убагында фригиялыктардын ыйык теңирчеси Кубабанын айкелинин сыныгына туш болушту.

Казуу тобунун Кубубанын бөлүгүн тапкан аймакка көбүрөөк изилдөөсүнүн натыйжасында фригиялыктарга таандык 2600 жылдык диний сыйынуулар өткөрүлгөн 'Кубуба алтары' табылды.

Дөнмез, табылган курмандык чалынуучу жайдын Анадолу археологиясы үчүн алгачкы болгонун айтты.

Проф. др. Дөнмез: «Бул аймакта Кубабага сыйынуу жөнүндө Богазкөй жана Алакахөйүктөн ушул убакка чейин көптөгөн маалыматтарды билсек дагы, биринчи жолу ушул ишенимге таандык маанилүү бир түзүлүштү таптык»,-деди.



Тектеш кабарлар