Зеугма мозаика музейин 1 миллион адам зыярат кылды

Зеугма мозаика музейи, коронавируска байланыштуу конокторун виртуалдык чөйрөдө кабыл алууда.

1573717
Зеугма мозаика музейин 1 миллион адам зыярат кылды

Газиантептеги Зеугма мозаика музейин өткөн жылы 1 миллион адам зыярат кылды.

Дүйнөдөгү эң ири мозаика музейлеринин бири болгон Зеугма мозаика музейи, коронавирус (Kovid-19) чараларынын алкагында өз конокторун виртуалдык чөйрөдө кабыл алууда.

2011-жылы 9-сентябрда расмий ачылган, 25 миңи жабык жалпы 30 миң чарчы метрдик аянтка курулган Зеугма мозаика музейи, Ковид-19 пандемиясынын себебинен мурунку жылдарга салыштырмалуу тынч мезгилди башынан кечирүүдө.

Газиантеп музейинин директору Өзгүр Чомак, Маданий мурастар жана Музейлер башкы башкармалыгынын колдоосу менен Зеугма мозаика музейинде жана Газиантеп археология музейинде виртуалдык музей тиркемеси башталгандыгын билдирип: «Бул жерге келе албаган адамдар Маданият жана туризм министрлигинин сайты аркылуу онлайн режиминде көрө алышат. 2020-жылы биздин музейди 1 миллион адам онлайн режиминде зыярат кылды»,-деди.

Президенттиктин Маданият жана искусство сыйлыгынын ээси болгон музейде Цыган кыз мозайкасы, Марстын айкели, Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) алынып келинген бөлүктөр, болжол менен 150 чарчы метрдик дубал сүрөтү, Рим дооруна таандык суу чорголору жана Евфрат дарыясынын жанындагы виллалардан табылган мозайкалар коюлган.



Тектеш кабарлар