Түркиядан Денкташ тууралуу билдирүү жарыяланды

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, Тышкы иштер министрлиги Рауф Денкташтын өлүмүнүн тогуз жылдыгына байланыштуу билдирүү таратты.

1562942
Түркиядан Денкташ тууралуу билдирүү жарыяланды

Вице-президент Фуат Октай, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) куруучу президенти Рауф Денкташтын дүйнөдөн кайтканынын тогуз жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

Октай, өзүнүн социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө, «ТКТРнын негиздөөчүсү, өмүрүн Кипр түрк элинин жашоосу үчүн күрөшкө арнаган Рауф Денкташты өлүмүнүн 9 жылдыгында урматтоо жана таазим кылуу менен эскерем»,-деп жазды.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Рауф Денкташтын өлүмүнүн тогуз жылдыгына байланыштуу билдирүү таратты.

Министрликтин билдирүүсүндө, Денкташтын өлүмүнүн тогузунчу жылында урматтоо, ыраазычылык жана таазим кылуу менен эскерилгендиги белгиленип, төмөнкүлөр жазылды: «Маркум Рауф Денкташ, Кипрдеги түрк элдеринин укуктарын,теңдик жана эркиндик боюнча идеяларын эне мекен Түркия менен бирге бирдей пикир жана көңүл, кыраакылык жана берилгендик менен жактады. Бул процессте туш болгон кыйынчылыктарды жеңүү боюнча жогорку деңгээлдеги лидерликти көрсөткөн, биздин доорубуздагы адилеттүү иштин коргоочусу болгон Рауф Денкташ, ар дайым биздин жүрөгүбүздө жана тарыхыбызда өзгөчө ордун сактап калат».

Билдирүүдө, маркум Рауф Денкташтын илхамы менен ишке ашырылып жаткан улуттук иште ар дайымкыдай эле Кипр түрк эли менен тилектештикте боло берери баса белгиленди.



Тектеш кабарлар