Анталияда Голливуд киносу тартылат
Түркиянын биринчи EXPO аянты катары 2016 - жылы ачылган ботаникалык парк чоң кино тасма тартылуучу аянтка айландырылууда.
1561758
Туризмдин борбору Анталия Голливуд жылдыздарын тосуп алууга даярданууда. Шаарда Түркиянын биринчи EXPO аянты катары 2016 - жылы ачылган ботаникалык парк чоң кино тасма тартылуучу аянтка айландырылууда.
Белгилүү режиссерр Гай Ричи менен белгилүү актер Жейсон Стэтхэмди бириктирген "Беш көз" киносу Анталияда тартылат.
Ушул негизде Аксу районунда 4 жыл мурун 121 декардык аянтта "Гүл жана бала" темасында маданий - визуалдык кече уюштурулган аянтта чоң киностудиялар курулууда.
Продюсердик топтун шаардын ар кайсы жерлерин тартары белгиленди.