Шмигал: «Украинанын согуштан кийинки өнүгүүсү үчүн 750 миллиард доллар керек»

Швейцариянын Лугано шаарында өткөн Украинанын өнүгүү конференциясында сөз сүйлөгөн Денис Шмигал Орусиянын Украинадагы кол салууларынын материалдык зыянына токтолду.

1851891
Шмигал: «Украинанын согуштан кийинки өнүгүүсү үчүн 750 миллиард доллар керек»

Украинанын премьер-министри Денис Шмигал өлкөсүнүн согуштан кийинки өнүгүүсү үчүн 750 миллиард доллар керек экенин билдирди.

Швейцариянын Лугано шаарында өткөн Украинанын өнүгүү конференциясында сөз сүйлөгөн Денис Шмигал Орусиянын Украинадагы кол салууларынын материалдык зыянына токтолду.

Согуш башталган 24-февралдан бери инфраструктуралык зыяндын 100 миллиард долларга жеткенин белгилеген Шмигал, өлкөсүн кайра куруу үчүн 3 баскычтуу өнүгүү планынын ишке ашырылышы керектигин белгиледи.

Биринчи этапта элдин күнүмдүк турмушу нормалдуу калыбына келиши керектигин белгилеген Шмигал экинчи этапта убактылуу турак-жай, оорукана жана мектеп курулуштары пландалып жатканын, үчүнчү этапта өлкөнүн өнүгүү процессинин башталышы болжолдонуп жатканын айтты.

Аталган өнүгүү планы үчүн 750 миллиард доллар талап кылынганын баса белгилеген премьер-министр Шмигал: «Бул кайра куруу планы үчүн акчаны ким төлөйт?»,-деп суроо узатты.

Бир тараптан конференцияда сөз сүйлөгөн Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа Биримдигинин Украина үчүн согуштан кийинки кайра калыбына келүү жана өлкөнүн экономикасын кайра куруу үчүн атайын платформа түзө турганын жарыялады.

Фон дер Ляйен Евробиримдиктин согуш башталгандан бери Украинага 6,4 миллиард доллар каржылык колдоо жөнөткөнүн маалымдап: «Көбүрөөк каржылык колдоо келет. Биз орто жана узак мөөнөттүү кайра куруу процессине олуттуу басым жасайбыз»,-деди.

Украинаны өнүктүрүү боюнча конференция бүгүн аяктайт.

Конференцияга Түркиядан тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги боюнча башчы, элчи Фарук Каймакжы катышууда.



Тектеш кабарлар