Кападокияга келген турист саны...

Невшехир Маданият жана туризм директорлугунун маалыматына караганда аймактагы музей жана урандыларды 1 миллион 412 миң 252 киши кыдырды.

1851182
Кападокияга келген турист саны...
kapadokya.jpg
kapadokya1.jpg

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген туризм борбору Кападокия жылдын биринчи жарымында 1 миллион 412 миң 252 туристти кабыл алды.

2019-жылы саякатчылардын саны менен бардык жылдардын рекордун жаңырткан жана жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөш жүргүзүлгөн 2020 жана 2021-жылдары жымжырттыкты башынан өткөргөн Кападокия быйыл туризмчилер эңсеп жүргөн күчкө ээ болду.

Невшехир Маданият жана туризм директорлугунун маалыматына караганда аймактагы музей жана урандыларды 1 миллион 412 миң 252 киши кыдырды.

Аймакта эң көп кыдырылган 397 миң 958 киши менен Зельве урандылары болду. Экинчи орунда турган Гөреме ачык асман музейин 395 миң 771 турист кыдырса, үчүнчү орунда турган Каймаклы жер астындагы шаарды 118 миң 103 турист кыдырды.

Гөреме туризмди өнүктүрүү кооперативинин жетекчиси Мустафа Дурмаз 2022-жылдын туризм сезонунда Кападокияга жергиликтүү коноктор менен катар дүйнөнүн төрт тарабынан туристтердин да келгенин айтты.

Достору менен Зельве урандыларын кыдырган Яман Малкоч баарына Кападокиядагы туристтик борборлорду кыдырууну сунуштады.

Канадалык турист Дилон Аллен да Кападокияда болгондугу үчүн өзүн бактылуу сезгенин белгилеп, тарыхый текстурасы бар аймактарды кыдырууну жактырганын айтты.



Тектеш кабарлар