Чет элдиктерге турак үй сатуулардагы өсүш

Түркия статистика мекемесинин (ТҮИК) маалыматына караганда, Түркияда апрель айында үй сатуу өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 38,8 пайызга өсүп 133 миң 58 болду.

1828491
Чет элдиктерге турак үй сатуулардагы өсүш

Түркияда чет элдиктерге үй сатуу апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына караганда 58,1 пайызга өстү.

Түркия статистика мекемесинин (ТҮИК) маалыматына караганда, Түркияда апрель айында үй сатуу өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 38,8 пайызга өсүп 133 миң 58 болду.

Чет элдиктерге турак жай сатуу болсо апрель айында өткөн жылдын тийиштүү айына караганда 58,1 пайызга өсүп 6 миң 447 болду.

Чет элдиктерге үй сатууда Стамбул 2 миң 564 үй сатуу менен биринчи орунду алды. Стамбулдан кийин 1970 үй сатуу менен Анталья жана 333 үй сатуу менен борбор шаар Анкара келди.

Январь-апрель мезгилинде чет өлкөлүктөргө үй сатуу өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 48,9 пайызга өсүп 20 миң 791 болду.

Өлкөнүн улутуна ылайык эң көп үй сатуу Орусия Федерациясынын жарандарына жасалган. Апрель айында Орусия Федерациясынын жарандары Түркиядан 1152 үй сатып алышкан. Орусия Федерациясынын жарандарынан кийин 905 турак үй менен Иран жана 714 турак үй менен Ирак жарандары келди.



Тектеш кабарлар