Ризе чай экспортунан 4 айда 2,8 миллион доллар киреше тапты

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрага орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, жылдын 4 айында Ризеден 19 өлкөгө чай экспорттолгондугун айтты.

1828458
Ризе чай  экспортунан 4 айда 2,8 миллион доллар киреше тапты

Ризе үстүбүздөгү жылдын январь - апрель айларында чай экспортунан 2 миллион 869 миң 310 доллар киреше тапты.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрага орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, жылдын 4 айында Ризеден 19 өлкөгө чай экспорттолгондугун айтты.

Бул мезгилде 1045 тонна чайдан 2 миллион 869 миң 310 доллар киреше алынгандыгын  белгилеген Гүрдоган : "Бельгия,  Украина жана АКШ эң көп чай сатып алган өлкөлөр болду. Бельгияга 1 миллион 660 миң 323, Украинага 297 миң 873  жана АКШга да 152 миң 978 долларлык чай экспорттолду",- деди. 

Гүрдоган экспорт жаслаган өлкө саны барган сайын көбйөүп жаткандыгына көңүлдөрдү буруп,  2022 -  жыл январь  -  апрель айларында өткөн жылдын ушул эле мезгилинен айырмаланып Бириккен Арап Эмирликтери, Канада, Сенегал, Өзбекстан, Молдова, Мальта жана Албанияга  чай  экспорттолгондугун баса белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар