Сарп чек ара капсынан экспорт өткөн жылы 69 пайызга өстү

Түркиянын Грузия менен чектешкен Сарп чек ара капкасынан 2021 –  жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу экспорт 69 пайызга жакын өстү.

1769256
Сарп чек ара капсынан экспорт өткөн жылы 69 пайызга өстү

Түркиянын Грузия менен чектешкен Сарп чек ара капкасынан 2021 –  жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу экспорт 69 пайызга жакын өстү.

Сарп жарандык башкармалыгынан алынган маалыматка караганда  Түркиянын Кавказдар жана Орто Азияга ачылган Сарп чек ара капкасынан өткөн жылы 205 миң 407 кириш, 242 миң 738 чыгуу болуп жалпы 448 миң 145 унаа өттү. Бул унаалардын 365 миң 340ын  коммерциялык максатта кирип чыккан жүк ташуучу уналар менен жана фуралар түздү.

Артвиндин Хопа районундагы Соода жана өнөр жай палатасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Осман Акйүрек 2021 - жылы Сарп чек ара капкасынан 1 миллиард 131 миллион 797 миң долларлык  экспорттун ишке ашкандыгын билдирди.

"Өткөн жылдарга салыштырмалуу абдан олуттуу өсүш бар. 2020 - жылы бул көрсөткүч 667 миллион долларды түздү. Болжол менен 69 пайызга өсүү болду»,- деп билдирди Акйүрек.

Импорттун 130 миллион 834 миң доллар болгондугун билдирген Акйүрек : «Экспорт менен импорттун катышы экономикаларда абдан маанилүү. Сарп чек ара капкасындагы экспортубуз импортубуздан 90 пайызга көп. Бул экономикалык көрсөткүч катары абдан маанилүү»,- деди.



Тектеш кабарлар