Яловадагы курорттук жайлар

Жаратылыштын кучагында убакыт өткөрүүнү каалагандар тандаган Ялова жергиликтүү жана чет элдик туристтерге төрт мезгилде термалдык эс алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

1768058
Яловадагы курорттук жайлар

Түркиянын термалдык туризм борборлорунун бири болгон Ялованын курорттук жайларында өткөн жылы болжол менен 500 миң турист эс алды.

Жаратылыштын кучагында убакыт өткөрүүнү каалагандар тандаган Ялова жергиликтүү жана чет элдик туристтерге төрт мезгилде термалдык эс алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Шаарда Маданият жана туризм министрлигинен сертификат алган 5 миң орундуу 17 объект жана муниципалдык сертификаты бар ишканалар жыл сайын туристтердин көп барган жерлеринин катарына кирет.

Рим, Византия жана Осмон империясы доорлорунда шыпаа берүүчү термалдык курорттору менен көңүлдөрдү бурган Ялова 2021-жылы АКШ, Германия, Иран, Иордания, Орусия, Португалия, Швейцария, Шри-Ланка, Греция сыяктуу өлкөлөрдөн келген 120 миң чет элдик турист да арасында болгон жарым миллионго жакын туристти кабыл алды. 



Тектеш кабарлар