Түркиянын варенье, желе, мармелад жана уксус экспорту

Улудаг экспортчулар бирикмелеринин (UIB) жазууларынан түзүлгөн маалыматка караганда, аталган тармактагы өндүрүүчүлөр өткөн жылы 145 өлкөгө экспорт жасашты.

1766955
Түркиянын варенье, желе, мармелад жана уксус экспорту

Өткөн жылы Түркиядан 56 миллион долларга варенье, кыям, желе жана мармелад экспорттолгон.

Улудаг экспортчулар бирикмелеринин (UIB) жазууларынан түзүлгөн маалыматка караганда, аталган тармактагы өндүрүүчүлөр өткөн жылы 145 өлкөгө экспорт жасашты.

Өнөр жай өкүлдөрү экспортту 2020-жылга салыштырмалуу 24 пайызга көбөйтүп, 45 миллион 185 миң доллардан 56 миллион долларга чыгарды.

Варенье, кыям, желе жана мармелад өндүрүүчүлөр 2021-жылы Иракка эң көп экспорттошкон.

Бул өлкөгө өткөн жылы экспорт 6 миллион 945 миң долларды түздү.

Экинчи орунда турган Нидерландияга экспорт 2 миллион 579 миң доллардан 4 миллион 622 миң долларга көбөйүп 79,24 пайызга өстү.

Сектор өкүлдөрүнүн үчүнчү орунда турган Германияга экспорту 3 миллион 383 миң доллардан 4 миллион 342 миң долларга жетип 28,35 пайызга өстү.

Тизмеде төртүнчү орунда турган Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) экспорт 3 миллион 320 миң доллар болду.

Варенье, кыям, желе жана мармелад өндүрүүчүлөрүнүн Мексикага экспорту олуттуу өсүштү көрсөттү.

Бул өлкөгө экспорт 433 миң доллардан 2 миллион 471 миң долларга 470 пайызга өстү.

Бир тараптан Түркиядагы уксус өндүрүүчүлөр өткөн жылы 111 өлкөгө 5 миллион 369 миң доллар уксус экспорттошкон.

Уксус тобунда эң көп экспорт 1 миллион 589 миң доллар менен АКШга жасалды.

Сектор өкүлдөрү экспортто АКШдан кийин биринчи 5те турган Германияга 682 миң доллар, Иракка 459 миң доллар, Азербайжанга 279 миң доллар жана Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) 256 миң доллардык уксус жөнөттү.



Тектеш кабарлар