Ар бир 10 доллардын 8и өнүккөн мамлекеттерде сарпталууда...

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш Дүйнөлүк Экономикалык Форумунун «2022 Давос күн тартиби» жыйынына видео кайрылуу менен катышты.

1764419
Ар бир 10 доллардын 8и өнүккөн мамлекеттерде сарпталууда...

Дүйнөлүк экономика калыбына келтирилип жатканда ар бир 10 доллардын 8и өнүккөн мамлекеттерде сарпталганы маалым болду.

Дүйнөлүк Экономикалык Форумунун «2022 Давос күн тартиби» жыйынына видео кайрылуу менен катышкан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш, камсыздоо чынжырындагы көйгөйлөр жана жогорку инфляциянын экономиканын жандануусун акырындатканына басым жасады.

Өнүккөн өлкөлөрдө коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы эмдөө көрсөткүчүнүн Африка өлкөлөрүнө караганда «уяттуу түрдө 7 эсе жогору» экенин белгилеген Гутерриш, фармацевтика компанияларын вакцина лицензияларын өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен бөлүшүүгө чакырды.

Глобалдык экономикалык оңолуунун морт жана туруксуз экенин белгилеген Гутерреш, калыбына келтирүү процессинде ар бир 10 доллардын 8инин өнүккөн өлкөлөрдө сарпталганын белгиледи.

Төмөн кирешелүү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн бир топ басаңдаганын белгилеген Антонио Гутерриш, бул өлкөлөрдүн карызын кайра түзүмдөштүрүү чакырыгын кайталады.



Тектеш кабарлар