Түркия 2021-жылы 46 миллион долларлык кулпунай экспорттоду

Орусия 27 миллион 810 миң долларлык сатуу менен эң көп кулпунай жөнөтүлгөн өлкө болду.

1760093
Түркия 2021-жылы 46 миллион долларлык кулпунай экспорттоду

Түркия 2021-жылы 43 өлкөгө экспорттолгон кулпунайдан 46 миллион 118 миң долларлык киреше тапты.

Эгей экспортчулар ассоциацияларынан алынган маалыматка караганда, 2020-жылы 25 миң 600 тонналык кулпунай сатуудан 25 миллион долларлык киреше түшкөн.

Кулпунай экспортун 2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 66 пайыздык өсүү менен 42 миң 500 тоннага жеткирген Түркия, кирешесин болсо мурунку жылга салыштырмалуу 84 пайыздык өсүү менен 46 миллион 118 миң долларга жогорулатты.

Орусия 27 миллион 810 миң долларлык сатуу менен эң көп кулпунай жөнөтүлгөн өлкө болду.

Бул өлкөдөн кийин 8 миллион 910 миң доллар менен Румыния жана 5 миллион 608 миң доллар менен Ирак турат.


Этикеткалар: #Кулпунай экспортун

Тектеш кабарлар