Take-Two, Peak Gamesтин ээси Zyngaны сатып алды
Take-Two тарабынан жасалган билдирүүдө компания Zynga компаниясын бир акциясы 9,86 доллардан 12,7 миллиард долларга сатып алганы кабарланган.
Rockstar Games жана 2K компанияларын камтыган Take-Two «FarmVille» оюнунун жаратуучусу жана Peak Gamesтин ээси Zyngaны сатып алды.
Take-Two тарабынан жасалган билдирүүдө компания Zynga компаниясын бир акциясы 9,86 доллардан 12,7 миллиард долларга сатып алганы кабарланган.
Билдирүүдө айтылган сунуштун Zynga акциясынын 2022-жылдын 7-январындагы биржа жабылыш баасынан 64 пайыз жогору экени белгиленди.
Zyngaнын акционерлери ар бир акциясына 3,5 доллар накталай акча жана ар бир Zynga акциясына 6,36 доллардан Take-Two акциясын ала турганы айтылган билдирүүдө, сатып алуу процедураларынын алгачкы 2 жылда 100 миллион доллардык жылдык чыгым синергиясын жаратуунун алдын ала турганы белгиленди.
Zynga 2020-жылдын июнь айында түрк мобилдик оюн өндүрүүчүсү Peak Gamesти 1,8 миллиард долларга сатып алганын жарыялаган. Ошентип, Peak Games Түркиянын биринчи жалгыз мүйүздүү оюну болду.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.