Түркиянын аквакультура сектору

Аквакультура сектору 2020-жылы «республика тарыхындагы эң жогорку экспорт» катары белгиленген 1 миллиард 51 миллион долларлык рекордун 2021-жылы 33 пайызга жогорулатты.

1758331
Түркиянын аквакультура сектору

Түркиянын аквакультура тармагы 2021-жылы 1 миллиард 401 миллион долларлык экспорттук көрсөткүчкө жетти.

Эгей экспортчулар ассоциацияларынан алынган маалыматтарга караганда, 2000-жылдардан бери өнүгүп келе жаткан аквакультура сектору 2020-жылы «республика тарыхындагы эң жогорку экспорт» катары белгиленген 1 миллиард 51 миллион долларлык рекордун  2021-жылы 33 пайызга жогорулатты.

Түрк аквакультура секторунун санга негизделген экспорту 198 миң тоннадан 240 миң тоннага өстү.

Ушундайча сектордун экспорту көлөмү жагынан 21 пайызга өскөн болду.

Аквакультура тармагынын орточо экспорттук наркы 2020-жылы килограммына 5,23 долларды түзсө, 2021-жылы 12 пайызга өсүп 5,84 долларга көбөйдү.

Түркиянын өндүрүшүндө лидер болгон окунь балыгы экспортто да биринчи орунга чыкты.

Окунь 2020-жылы 355 миллион доллар болгон экспорт көлөмүн 2021-жылы 32 пайыздык өсүү менен 467 миллион долларга жеткирип, эң көп экспорттолгон балык түрү катары позициясын сактап калды.

Чипуранын экспорту 21 пайыздык өсүү менен 310 миллион доллардан 375 миллион долларга көбөйсө, форелдин экспорту 19 пайыздык өсүү менен 120 миллион доллардан 143 миллион долларга жогорулады.

Бул балык түрлөрүнөн кийин түрк лососу, тунец жана граньез турат.

Түркиянын аквакультура экспортунда алдыга чыккан өлкөлөр болсо 217 миллион доллар менен Орусия, 162 миллион доллар менен Италия, 141 миллион доллар менен Англия, 124 миллион доллар менен Нидерландия жана 103 миллион доллар менен Япония болду.



Тектеш кабарлар