Кытайдан көңүл бурган Түркия анализи

Түркиянын Орто коридор долбоору Кытайдан Англияга болгон үзгүлтүксүз соода жолунун маанилүү транзиттик бөлүмү.

1757077
Кытайдан көңүл бурган Түркия анализи

Кытайдын алдыңкы гезиттеринин бири болгон China Daily Түркиянын Ортоңку коридорунун ылдам өсүү алдында турганын жазды.

Түркиянын Ортоңку коридор долбоору Кытайдан Англияга болгон үзгүлтүксүз соода жолунун маанилүү транзиттик бөлүмү. Долбоор тарыхый Жибек Жолунун жандануусуна да салым кошууда.

China Daily гезитинде жарыяланган макалада долбоор сейрек кездешүүчү өнүгүү мезгили алдында турганы айтылган.

Ортоңку коридор демилгесинин негизги долбоору болгон Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун 2017-жылдын октябрь айында ишке ашырылганын эске салган талдоодо,«Түркиянын Ортоңку коридору тарыхтын эң мыкты мүмкүнчүлүк мезгилине туш келди жана ылдам өсүү алдында турат»,делген.

Түркиянын транспорт инфраструктурасын күчтөндүрүүсү жана транзиттик процедураларды жөнөкөйлөштүрүүсү мактоого алынган талдоодо мунун Ортоңку коридордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жагымдуулугун арттырганы баса белгиленди.

Кытайдан Европага эң кыска жол Түркия аркылуу өтөт. Кытайдан жолго чыккан контейнер Түркия аркылуу Европага 15 күндө жетет. Бул мөөнөт Орусиянын Түндүк соода жолу аркылуу 15-20 күнгө, Суэц каналы аркылуу 45-60 күнгө чейин созулат.

 

 



Тектеш кабарлар