Анталья 9 миллион турист максатына жетти

Дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди өзүнө тарткан Анталья Ковид - 19 эпидемиясында «коопсуз жана ишенимдүү» туризмдин дареги болду.

1752488
Анталья 9 миллион турист максатына жетти

Анталья 2021 - жылы 9 миллион туристти тосуп алуу максатына жетти.

Дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди өзүнө тарткан Анталья Ковид - 19 эпидемиясында «коопсуз жана ишенимдүү» туризмдин дареги болду.

Маданият жана туризм министрлигинин жетекчилигинде туризмге кызыкдар тараптар менен биргеликте ишке ашырылган Коопсуз туризм сертификат программасы менен саякат индустриясы токтогон жерде туризм кыймылын баштаган шаар өткөн жылы 3 миллион 410 миң 44 турист саны менен жапты.

2021 - жылга эпидемиянын көлөкөсүндө кирген Анталья июль айында башталган активдүүлүк менен жыл аягына чейин 9 миллион 2 миң 217 туристти тосуп алды.



Тектеш кабарлар