Түркия эмерек экспортунда 6-орунга көтөрүлдү

Эмерек өндүрүү жана экспорттоодо 6-орунга көтөрүлгөн Түркия, дүйнөлүк эмерек экспортунун 3 пайызын ишке ашырууда.

1743201
Түркия эмерек экспортунда 6-орунга көтөрүлдү

Эмерек өндүрүү жана экспорттоодо 6-орунга көтөрүлгөн Түркия, дүйнөлүк эмерек экспортунун 3 пайызын ишке ашырууда.

Анкара Эмерекчилер, соодагерлер жана усталар палатасынын жана Элмадагдагы Эмерек уюшкан өнөр жай аймагынын төрагасы Хүсейин Таклажы эмерек өнөр жайынын экспортуна байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Түрк эмерек тармагынын өсүү тенденциясында экенин белгилеген Таклажы: «Дүйнөдө эмерек өндүрүү жана экспорттоо боюнча 6-орунга көтөрүлдүк. Дүйнөлүк эмерек экспортунун 3 пайызын ишке ашырдык. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында мурунку жылга салыштырмалуу 3,9 миллиард доллардык эмерек экспорттоо менен 25 пайызга эмерек экспорттодук»,-деди.

2021-жылы дүйнөлүк эмерек экспортунда биринчи 6га кирүүнү максат кылгандарын жана бул максаттын алда канча эрте келгенин баса белгилеген Таклажы, жылдын акырына чейин эмерек экспорттогон эң алдыңкы 5 өлкөнүн бири болууга абдан жакын экендиктерин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар