Fitch Түркиянын 2021-жылдагы өсүү күтүүсүн жогорулатты

Билдирүүдө өлкө экономикасынын 2022-жылга карата өсүү болжолунун 3,5 пайыздан 3,6 пайызга көтөрүлгөнү белгиленди.

1742468
Fitch Түркиянын 2021-жылдагы өсүү күтүүсүн жогорулатты

Эл аралык кредит рейтинги мекемеси Fitch Ratings Түркия үчүн быйылкы өсүү күтүүсүн 10,5 пайызга көтөрдү.

Фитчтин билдирүүсүндө, түрк экономикасына байланыштуу баа берүүлөр жасалды.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясы таасирдүү боло баштаган 2020-жылы Түркиянын ички дүң продукциясынын 1,8 пайызга жогорулаганы эске салынган билдирүүдө, өлкөнүн экономикасынын 2021-жылы болсо 10,5 пайызга өсүүсүнүн күтүлгөнү маалымдалды.

Фитч сентябрь айында жарыялаган Глобалдык экономикалык көрүнүш отчетунда, түрк экономикасынын быйыл 9,2 пайыз өсөөрүн болжолдогон.

Билдирүүдө өлкө экономикасынын 2022-жылга карата өсүү болжолунун 3,5 пайыздан 3,6 пайызга көтөрүлгөнү белгиленди.

Ошондой эле Түркиянын экономикалык өсүүсүнүн атаандаштарына салыштырмалуу күчтүү болгонуна да көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар