Дүйнөлүк азык-түлүк баасы эң жогорку чегинде

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) маалыматына караганда, азык-түлүк бааларынын индекси өткөн айда октябрь айына салыштырмалуу 1,2 пайызга өстү.

1742183
Дүйнөлүк азык-түлүк баасы эң жогорку чегинде

Дүйнөлүк азык-түлүк баасынын өсүшү ноябрь айында да уланып, 2011-жылдын июнь айынан бери эң жогорку чекке жеткени кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) маалыматына караганда, азык-түлүк бааларынын индекси өткөн айда октябрь айына салыштырмалуу 1,2 пайыздык өсүү менен орточо 134,4 баллды түздү. Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы 2011-жылдын июнунан берки эң жогорку чекке жетти.

ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси, ноябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына караганда 27,3 пайызга өстү. Сүт азыктарынын баа индекси өткөн айдын октябрь айына салыштырмалуу 3,4 пайызга көбөйдү.

Дан азыктарынын баа индекси да ноябрь айында өткөн айга караганда 3,1 пайыз, өткөн жылдын тийиштүү айына караганда 23,2 пайыз өстү. Жүгөрүнүн баасындагы өсүш чектелген бойдон калып, буудайдын баасы 2011-жылдын май айынан бери эң жогорку деңгээлге жетти.

Шекердин баа индекси болсо ноябрь айында октябрь айына салыштырмалуу 1,4 пайыз, 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 40 пайыз өстү.



Тектеш кабарлар