Түркия 206 өлкөгө айыл чарба жана азык-түлүк продукциясын экспорттоодо

Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли Бурсада өткөрүлгөн Улудаг экономика саммитине видео кайрылуу жолдоду.

1738665
Түркия 206 өлкөгө айыл чарба жана азык-түлүк продукциясын экспорттоодо

Айыл чарба продукциясы боюнча Европада лидер, дүйнөдө болсо алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирген Түркиянын 206 өлкөгө 2 миң 90 түрдүү айыл чарба жана азык-түлүк өнүмдөрүн экспорттогон деңгээлге жеткени маалымдалды.

Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли, Бурсада өткөрүлгөн Улудаг экономика саммитине видео кайрылуу жөнөттү.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясында көрүлгөн чаралардын негизинде жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылууда эч кандай көйгөй жаралбаганын эске салган Пакдемирли, бул процессте дүйнөдө улутчулдук жана протекционисттик мамиленин барган сайын алдыңкы планга чыкканын белгиледи.

Дүйнөдө азык-түлүккө ашыкча суроо-талап, логистика көйгөйлөрү, жумуш маселелери, жогорку энергия чыгымдары менен бирге өндүрүш материалдарында жана азык-түлүк бааларында рекорддук өсүш бар экенине көңүл бурган Пакдемирли, глобалдык жылуулук менен климаттын өзгөрүшүнүн таасирлеринин да олуттуу түрдө сезиле баштаганын айтты.

Пакдемирли Түркияда айыл чарба продукциясынын акыркы 3 жылда 78 пайыздык өсүү менен 2020-жылы 337 миллиард лирага жетип рекорд койгонун белгилеп: «Түркия айыл чарба продукциясы боюнча Европада лидер, дүйнөдө алдыңы 10 өлкөнүн арасында. Акыркы 3 жылда жалпысынан 60 миллиард долларлык айыл чарба жана азык-түлүк өнүмдөрүн экспорттодук, 15,4 миллиард долларлык тышкы соода профицитибиз бар.Түркия 206 өлкөгө 2 миң 90 түрдүү айыл чарба продукциясын экспорттогон деңгээлге жетти»,- деди.



Тектеш кабарлар