БАЭден Түркия менен экономикалык мамилелер тууралуу билдирүү

БАЭнин расмий агенттиги WAMдын кабарына караганда Мари, Дубайда өткөрүлгөн Түркия-БАЭ Өкмөттөр аралык биргелешкен экономикалык комиссиянын жыйналышынан кийин соода министри Мехмет Муш менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

1738082
БАЭден Түркия менен экономикалык мамилелер тууралуу билдирүү

Бириккен Араб Эмирликтеринин экономика министри Абдуллах бин Тук эл-Мари, өзүнүн өлкөсү менен Түркиянын ортосунда күчтөнүүсүн улантып жаткан экономикалык арым-ктаншатардын ар башка тармактарда жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү багытында чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратканын белгиледи.

БАЭнин расмий агенттиги WAMдын кабарына караганда Мари, Дубайда өткөрүлгөн Түркия-БАЭ Өкмөттөр аралык биргелешкен экономикалык комиссиянын жыйналышынан кийин соода министри Мехмет Муш менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

БАЭ менен Түркиянын ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын улам күчтөнүп уланганын белгилилеген Мари, мунун соода жана инвестиция баш болгон ар түрдүү секторлордогу ар башка тармактарда жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү багытында чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратканына көңүл бурду.

Кабарда айрыкча эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн 2020-жылы жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына карабастан 2019-жылга салыштырмалуу 21 пайызга өсүү көрсөткөнү, 2021-жылдын биринчи жарымында да өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 100 пайызга өскөнү белгиленди.

WAM гезитинин кабарына караганда Түркия-БАЭ биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйынында эки өлкөнүн ортосундагы мунай эмес сооданы диверсификациялоо жана соода көлөмүн арттырууну көздөгөн иш планы боюнча келишим түзүлдү.

БАЭнин тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Сани эс-Зуюди эки өлкөнүн стратегиялык абалына көңүл буруп, түрк продукциясынын Жакынкы Чыгыш, Азия жана Африка өлкөлөрүнө жетүү үчүн БАЭ көпүрө боло аларын жана БАЭнин товарларын Европага жана кээ бир Азия өлкөлөрүнө жеткирүү багытында Түркиянын тышкы соода тармагындагы маанилүү ролун аткара аларын белгиледи.

Зуюди өлкөсүндөгү экономикалык өнүгүүлөргө жана долбоорлорго көңүлдөрдү буруп, түрк фирмаларын бул өнүгүүлөрдөн пайдаланууга чакырды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын Түркияга расмий сапары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар