Түркияда октябрь айында чет элдиктерге 5 миң 893 үй сатылды

Түркиянын статистика мекемесинин маалыматына караганда октябрь айында Түркия боюнча 137 миң 401 үй сатылды.

1734239
Түркияда октябрь айында чет элдиктерге 5 миң 893 үй сатылды

Түркияда октябрь айында чет элдиктерге 5 миң 893 үй сатылды.

Түркиянын статистика мекемесинин маалыматына караганда октябрь айында Түркия боюнча 137 миң 401 үй сатылды. Турак жай сатуу өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 14,9 пайызга өстү.

Бул аралыкта чет элдиктер 5893 үй сатып алышты. Чет элдиктерге турак жай сатуу октябрь айында жылдык эсепте 12,1 пайызга өстү.

Чет элдиктерге турак жай сатууда октябрь айында 2 миң 464 сатуу менен Стамбул биринчи орунду алды. Бул шаардан кийин 1385 сатуу менен Анталия жана 359 сатуу менен Анкара орун алды.

Январь-октябрь айларында чет өлкөлүктөргө үй сатуу өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 38 пайызга өсүп 43 миң 372 болду.

Октябрь айында Иран жарандары Түркиядан 1265 үй сатып алышкан. Ирандын жарандарынан кийин 926 турак үй менен Ирактын жарандары жана 543 турак үй менен Россия Федерациясынын жарандары орун алышты.



Тектеш кабарлар