Түркиянын туризм кирешеси

Түркиянын туризм кирешеси быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде 11 миллиард 395 миллион 117 000 доллар болду.

1726220
Түркиянын туризм кирешеси

Түркиянын туризм кирешеси быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде 11 миллиард 395 миллион 117 000 доллар болду.

Түркиянын статистика мекемеси ушул жылдын июль - сентябрь айларынын туризм статистикасын жарыялады. Буга ылайык, жылдын үчүнчү чейрегинде туризм кирешеси 11 миллиард 395 миллион 117 миң доллар болду. Туризмден түшкөн кирешенин 78 пайызы (уюлдук телефон роумингине жана марина кызматына кеткен чыгымдарды эсепке албаганда) чет өлкөлүк зыяратчылардан,  22 пайызы чет өлкөдө жашаган түрк жарандардан келген.

Аталган мезгилде чыгашалардын 9 миллиард 63 миллион 42 миң доллары жеке чыгымдар, 2 миллиард 332 миллион 75 миң доллары пакеттик тур чыгымдары болду.

Бул мезгилде бир түнгө орточо чыгым 74 долларды түздү.

Чет элдиктердин орточо түнкү чыгымы 78 доллар болсо, чет өлкөдө жашаган жарандардын чыгымы 61 доллар деп эсептелген.

 



Тектеш кабарлар