Зер буюмдарынын экспорту өстү

Зер буюмдарынын экспорту, жылдын 9 айында 57,4 пайызга өсүп 3 миллиард 883 миллион долларга жетти.

1718361
Зер буюмдарынын экспорту өстү

Түркиянын зер буюмдары экспорту сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 58,52 пайыздык өсүү менен 501,3 миллион долларга жетти.

Зер буюмдарын экспорттоочулар ассоциациясынын билдирүүсүнө караганда, сентябрда эң көп "алтындан жасалган зер буюмдар" экспорттолсо, андан кийин "иштетилбеген же жарым иштетилген алтын" тобу турат.

Бул мезгилде өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 58,52 пайызга көбөйүп 501,3 миллион долларга жеткен зер буюмдарынын экспорту, жылдын 9 айында 57,4 пайызга өсүп 3 миллиард 883 миллион долларга жетти.

Январдан сентябрга чейин зер буюмдары эң көп экспорттолгон өлкө Америка Кошмо Штаттары болсо, бул өлкөдөн кийин Бириккен Араб Эмираттары жана Британия турат.



Тектеш кабарлар