Түркия менен Орусиянын ортосунда биргелешкен туризм иш-аракет планы түзүлдү

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Анкарада өткөрүлгөн «Түркия-Орусия туристтик кызматташтык жолугушуусунун» алкагында Орусиянын федералдык туризм агенттигинин төрагасы Зарина Догузова менен жолугушту.

1718629
Түркия менен Орусиянын ортосунда биргелешкен туризм иш-аракет планы түзүлдү

Түркия менен Орусиянын ортосунда «Биргелешкен Туризм Иш-аракет Планына» кол коюлду.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Анкарада өткөрүлгөн «Түркия-Орусия туристтик кызматташтык жолугушуусунун» алкагында Орусиянын федералдык туризм агенттигинин төрагасы Зарина Догузова менен жолугушту.

Бетме-бет жолугушуудан кийин «Биргелешкен Туризм Иш-аракет Планына» кол коюу аземинин алдында билдирүү жасаган министр Эрсой, орусиялык кесиптештери менен калктын ден-соолугу жана туристтик коопсуздук боюнча күнүмдүк жолугушууларды өткөргөндөрүн, туристтер туш болушу мүмкүн болгон көйгөйлөрдүн кантип алдын алууга болоору тууралуу жана кантип жакшыртыла турганы темасында пикир алмашышканын айтты.

Жолугушуу учурунда коопсуз туристизм сертификаты же мындай изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүнө көңүл бурган Эрсой, сертификаттоо программасынын туристтик стимул мыйзамы менен туруктуу болуп калганын, коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясынан кийин да гигиена эрежелери жана керектүү текшерүүлөр жашоонун бир бөлүгү болорун айтты.

Догузова да Түркиянын орусиялык туристтер үчүн эң популярдуу өлкө экенин белгиледи.

Орусияга бара турган түрк туристтердин санын көбөйткүсү келгендерин белгилеген Догузова, бул темада электрондук виза алуу жана визадан бошотуу сыяктуу темаларды талкуулашканын жана инвестиция тармагындагы кызматташтыкты баалагандарын айтты.

Билдирүүлөрдөн кийин Эрсой менен Догузова «Туризмдин Биргелешкен Иш-аракеттер Планына» кол коюшту.



Тектеш кабарлар