Түркиянын экспорту август айында өстү

Август айына карата болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1712693
Түркиянын экспорту август айында өстү

Түркиянын экспорту август айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 51,9 пайызга өсүп 18 миллиард 916 миллион доллар болду.

Түркиянын статистика мекемеси жана Соода министрлиги менен биргеликте түзүлгөн август айына карата болжолдуу тышкы соода көрсөткүчтөрү жарыяланды.

Буга ылайык, 2021-жылдын августунда экспорттун көлөмү өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 51,9 пайызга өсүп 18 миллиард 916 миллион долларга жетти.

Август айында экспорт боюнча биринчи орунду Германия ээледи. Германияга жасалган экспорт 1 миллиард 575 миллион долларды түзүп бул өлкөдөн кийин; 1 миллиард 313 миллион доллар менен АКШ, 1 миллиард 194 миллион доллар менен Британия, 939 миллион доллар менен Ирак жана 839 миллион доллар менен Испания турат. Биринчи 5 өлкөгө жасалган экспорттун көлөмү, жалпы экспорттун 31,0 пайызын түздү.



Тектеш кабарлар