Эрдоган экономикадагы жол картасын бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, социалдык медиа эсебинен алдыдагы үч жылга экономикада жол картасын камтыган Орто мөөнөттүү программаны (ОМП) бөлүштү.

1703848
Эрдоган экономикадагы жол картасын бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, социалдык медиа эсебинен алдыдагы үч жылга экономикада жол картасын камтыган Орто мөөнөттүү программаны (ОМП) бөлүштү.

Президент Эрдоган, чоң жана күчтүү Түркиянын курулушу үчүн маанилүү кадам болгонуна ишенген Орто мөөнөттүү программанын Түркия жана улут үчүн пайдалуу болушун тилеп, программанын даярдалышына салым кошкон бардык коомдук мекемелерге жана уюмдарга ыраазычылык билдирди.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө төмөндөгүдөй маалыматтарды бөлүштү: «Экономика жылдык орточо 5,3 пайыздык темп менен өсөт, жумуш менен камсыздоо орточо эсеп менен 1 миллион 170 миң кишиге көбөйөт, экспорт 3 жылдын аягында 250 миллиард доллардан ашат, Программалык мезгилдин акырына учурдагы эсеп тартыштыгынын улуттук кирешеге болгон катышы  1 пайызга чейин төмөндөйт, борбордук мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын улуттук кирешеге болгон катышы 2,9 пайыз болушун күтүп жатабыз, баштапкы сальдо 0,3 пайыздык профицитке кайтып келет жана инфляция түбөлүккө бир орундуу деңгээлге түшүүсүн көздөп жатабыз. Бул жылы улуттук кирешебизди 800 миллиард доллардан ашырып, программанын аягында 1 триллион долларга жеткиребиз».



Тектеш кабарлар