Эмеректер экспорту жылдын биринчи жарымында 2 миллиард доллар менен рекордго жетти

Дизайн, сапат жана баа өзгөчөлүктөрү менен түрк эмеректери артыкчылыкка ээ болууда.

1678804
Эмеректер экспорту жылдын биринчи жарымында 2 миллиард доллар менен рекордго жетти

Түркиянын эмерек экспорту жылдын биринчи жарымында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 пайызга өсүп, 2 миллиард доллардан ашты.

Стамбул эмерек, кагаз жана токой продукцияларын экспорттоочулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, эң көп эмерек экспорту жасалган өлкөлөр Ирак, Германия, АКШ, Израиль жана Франция.

Эң көп экспорттолгон товарлардын катарына балдар үчүн бешиктер, балдар бөлмөсү үчүн эмеректер, ашкана жана конок бөлмөлөрү орун алды.

Дизайн, сапат жана баа өзгөчөлүктөрү менен түрк эмеректери артыкчылыкка ээ болууда.



Тектеш кабарлар