Министр Кожа Sinovac компаниясын Түркияга инвестиция салууга чакырды

Министр Кожа видеоконференция ыкмасы менен кытайлык Sinovac компаниясынын жетекчилери менен жолугушту.

1661564
Министр Кожа Sinovac компаниясын Түркияга инвестиция салууга чакырды

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа кытайлык Sinovac компаниясын жаңы түрдөгү коронавирус (Сovid-19) вакцинасы үчүн Түркияга инвестиция салууга чакырды.

Кожа видеоконференция ыкмасы менен кытайлык Sinovac компаниясынын жетекчилери менен жолугушту.

Министр Кожа, жолугушууда, дүйнө жүзү Ковид-19 эпидемиясы менен 2020-жылдын биринчи күндөрүнөн бери күрөшүп келе жаткандыгын эске салып, «Түркия бул процессте биздин урматуу президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында эпидемиялык башкарууну ийгиликтүү жүргүздү. Биздин күчтүү саламаттык сактоо инфраструктурабыз жана саламаттыкты сактоо тармагындагы персоналыбыз бул процесстеги эң чоң ишенимибиз болду»,-деди.

Ковид-19 эпидемиясы дагы бир жолу глобалдык деңгээлдеги кызматташтыктын маанилүүлүгүн көрсөтүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер үчүн чоң сыноо экендигин баса белгилеген министр Кожа мындай деди:

«Эми мен бул кызматташууну дагы бир кадам алдыга жылдыргым келет, сизди жана сиздин компанияны Түркиядагы вакцина өндүрүшүнө инвестиция салууга чакырам.

Sinovac компаниясынын кызматкерлери болсо, өндүрүш жана бөлүштүрүү кубаттуулугун локалдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөрүн билдирип, мындай деди:

"Синовактын каалоосу - бул Түркияда жергиликтүү өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө жана объектилерди курууга инвестиция салуу гана эмес, ошондой эле жаңы пайда болгон варианттарды текшерүү үчүн вирусту байкоо эмгектерине колдоо көрсөтүүнү камсыздоо.

Ошондуктан, түрк илимпоздору менен кызматташуу потенциалыбызды андан ары өркүндөтүүнү каалайбыз. Биз, айрыкча, жергиликтүү өндүрүш ишканасын түзүү үчүн иш-аракеттерибизди тездетебиз. Бул жагынан сизден милдеттенме алсак болот.

Ошол эле учурда, биз дагы көп адамдар Sinovac вакцинасын колдонуп, эпидемиянын аякташына бир аз жакындай алышыбыз үчүн, Синовак вакциналарынын Түркияга жеткирилишин каалайбыз. Техникалык топ түзүп, Түркияга жөнөтөбүз»,дешүүдө.

Ал ортодо техникалык команда эртең Түркияда болоору жана инвестиция боюнча чечим кабыл алынгандан кийин темага кол коюлары күтүлүп жатканы белгиленди.



Тектеш кабарлар