Дүйнөлүк банктын Түркия туралуу өсүү божомолдору жарыяланды

Отчеттун 2021-жылдын январь айындагы санында Түркиянын экономикасы быйыл 4,5 пайызга, 2022-жылы 5 пайызга өсөөрү алдын-ала айтылган.

1654344
Дүйнөлүк банктын Түркия туралуу өсүү божомолдору жарыяланды

Дүйнөлүк банк 2021-жылдын июнь айындагы Глобалдык экономикалык келечек отчетун жарыялады.

Отчеттун 2021-жылдын январь айындагы санында Түркиянын экономикасы быйыл 4,5 пайызга, 2022-жылы 5 пайызга өсөөрү алдын-ала айтылган.

Март айында жасалган убактылуу жаңыртуу менен Дүйнөлүк банк 2021-жылга карата Түркия экономикасынын өсүү болжолун 4,5 пайыздан 5 пайызга чейин көтөрүп, Түркиянын 2022 жана 2023-жылдары 4,5 пайызга өсүшүн божомолдогон.

Дүйнөлүк банк июнь айындагы отчетунда Түркиянын экономикасынын өсүшүн 2021-жылга карата 5 пайызга, 2022 жана 2023-жылдарга карата 4,5 пайызга өсүшүн болжолдогон. Ошентип, Банк июнь айындагы отчетунда Түркия үчүн март айындагы өсүү божомолун сактап калды.

Дүйнөлүк банк глобалдык экономика быйыл 5,6 пайызга, 2022-жылы 4,3 пайызга жана 2023-жылы 3,1 пайызга өсөт деп божомолдогон.

 



Тектеш кабарлар