Түркиянын чиркегич экспорту ылдам өсүүдө

Улудаг автомобил өнөр жайынын экспорттоочулар ассоциациясынын маалыматына караганда, январь айында экспорттун көлөмү өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 501 пайызга өскөн.

1640223
Түркиянын чиркегич экспорту ылдам өсүүдө

Түркиядан январь-апрель мезгилдеринде чиркегичтер 50 өлкөгө экспорттолуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 154 пайызга көбөйгөн.

Улудаг автомобил өнөр жайынын экспорттоочулар ассоциациясынын маалыматына караганда, январь айында экспорттун көлөмү өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 501 пайызга өскөн автомобиль секторунун кичи топторунун бири болгон чиркегичтердин чет өлкөгө сатууларынын көбөйүшү уланууда.

Чиркегичтердин экспорту февраль айында 80 пайызга, март айында 66 пайызга жана апрелде 721 пайызга жогорулады.

2020-жылдын январь-апрель мезгилинде 140 миллион 672 миң долларды түзгөн чиркегич экспорту, ушул жылдын тийиштүү мезгилинде 154,1 пайызга өсүп, 357 миллион 441 миң долларга жетти.

Сектордун өкүлдөрү алгачкы 4 айда экспорттогон 50 өлкөнүн ичинен Германияга эң көп экспорттошту.

Бул өлкөгө экспорт 2020-жылдын ушул айларына салыштырмалуу январь-апрель мезгилинде 161 пайызга, 32 миллион 786 миң доллардан 85 миллион 676 миң долларга чейин өстү. Германияга экспорттун көлөмү чиркегичтердин экспортунун 24 пайызын түздү.

Өнөр жайчылар экинчи орунда турган Польшага экспортун 681 пайызга, 8 миллион 162 миң доллардан 63 миллион 751 миң долларга көбөйттү.

Ошол эле мезгилде Италия 85 пайыздык өсүү жана 37 миллион 381 миң долларлык тышкы сатуу менен үчүнчү орунду ээледи.

Германия, Польша жана Италияга 186 миллион 808 миң долларлык экспорт январь айынан апрелге чейинки жалпы жагымдуу экспорттун 52 пайызын түздү.



Тектеш кабарлар