Түркиянын ЕБ өлкөлөрүнө экспортунда олуттуу өсүү байкалды

Түрк Экспортерлор ассамблеясынын (TIM) маалыматына ылайык, Түркиянын экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жылдын төрт айында 33,1 пайызга өстү.

1635412
Түркиянын ЕБ өлкөлөрүнө экспортунда олуттуу өсүү байкалды

Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө экспорту апрель айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 128,4 пайызга өсүп, 7 миллиард 180 миллион 520 миң долларга жетти.

Түрк Экспортерлор ассамблеясынын (TIM) маалыматына ылайык, Түркиянын экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу жылдын төрт айында 33,1 пайызга өсүп, 51 миллиард 641 миллион 700 миң доллардан 68 миллиард 752 миллион 329 миң долларга жетти.

Жылдын алгачкы төрт айында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 пайыздык өсүү менен 26 миллиард 860 миллион 585 миң долларлык экспорт жасалган. Европа Биримдигинин өлкөлөрү автомобиль экспортунда эң маанилүү рыноктук позициясын сактап калышты.

Апрель айында автомобиль өнөр жайы Европа Бирлимдигинин өлкөлөрүнө 1 миллиард 668 миллион 714 миң доллардык экспорт жасады, ал эми даяр кийим жана тигүү өнөр жайы 947 миллион 743 миң доллар, химия сектору 881 миллион 609 миң доллар, электрондук электроника 581 миллион 377 миң доллар менен темир жана түстүү металлдар сектору 536 миллион 634 миң доллардык экспорт жасашты.

Түркия апрель айында эң көп экспортту Германияга жасады. Германияга экспорт өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 90,8 пайызга өсүп, 1 миллиард 520 миллион 241 миң долларга жетти.

Түркиянын Италияга экспорту апрель айында 119 пайызга өсүп, 823 миллион 958 миң долларга, Испанияга 157 пайызга өсүп, 745 миллион 496 миң долларга, Францияга 224 пайызга өсүп, 737 миллион 336 миң долларга, Нидерландияга 114 пайызга өсүп, 562 миллион 763 миң долларга жетти.



Тектеш кабарлар