Соода министри апрель айындагы эң жогорку эскпорт санын билдирди

Апрель айында эң жогорку экспорттук көрсөткүчкө жетишилди.

1632918
Соода министри апрель айындагы эң жогорку эскпорт санын билдирди

Соода министри Мехмет Муш борбор шаар Анкарада жасаган билдирүүсүндө: «Апрель айында экспортубуз  109 пайызга өсүп, 18,8 миллиард долларды түздү. Бул апрель айындагы экспорттун эң жогорку көрсөткүчү", - деди.

Пандемиядан мурдагы 2019 -  жыл менен салыштырылганда экспорттун апрель айында 22, 3 пайызга өскөнүн жана экспорттун пандемиядан мурунку деңгээлден да жогору экендигин айткан министр Муш апрель айындагы тышкы соода тартыштыгынын, өткөн жылдын ушул эле айына караганда 31, 9 пайызга азайып, 4, 6 миллиард доллардан 3, 1 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

Соода министри экспорттун импортко болгон катышы 85,7 пайызга көтөрүлүп, апрель айында 19,5 баллга өскөндүгүн билдирди.



Тектеш кабарлар