Түркия Тель-Абядда фабрика ачат

«Тынчтык булагы» операциясы аймагындагы жашоону калыбына келтирүү үчүн Түркия коопсуздук, билим берүү жана социалдык тармактарда, ошондой эле экономикалык тармакта инвестицияларын улантууда.

1630349
Түркия Тель-Абядда фабрика ачат

Сирияда Түркиянын колдоосу менен Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн «Тынчтык булагы» операциясы менен жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККдан тазаланган Тель- Абяд районунда текстиль жана бут кийим фабрикасы ачылат.

«Тынчтык булагы» операциясы аймагындагы жашоону калыбына келтирүү үчүн Түркия коопсуздук, билим берүү жана социалдык тармактарда, ошондой эле экономикалык тармакта инвестицияларын улантууда.

Шанлыурфа губернаторунун орун басары Огузхан Эрди Атак, Йылмазлар Бут кийим фабрикасынын ээси Ибрахим Халил Йылмаз жана Тель-Абяд Жергиликтүү Кеңешинин төрагасы Салих Хач Абдуллахтын коштоосунда, райондо иликтөөлөрдү жүргүздү.

Ибрахим Халил Йылмаз аймакта текстиль жана бут кийим фабрикасынын ачыла турганын айтты.

Тель-Абяд районунда коопсуз чөйрөнүн бар экендигин баса белгилеген Йылмаз, эки долбоордун аркасында аймак калкына көптөгөн жумуш мүмкүнчүлүктөрү камсыздала тургандыгын айтты.

Тель-Абяд Жергиликтүү Кеңешинин төрагасы Салих Хач Абдулла, долбоордун алгачкы 6 айында 500 адамга, экинчи 6 айда 1000 адамга, экинчи жылы 4 миң адамга жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү камсыздала тургандыгын билдирди.

Тель-Абяд жана Расулайн райондору 2019-жылдын октябрь айында Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясы менен жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККнын оккупациясынан куткарылды.



Тектеш кабарлар