Түркиянын атамекендик дем алуу аппараты 30дан ашуун өлкөдө колдонулуп жатат

Буга чейин 20 миңге жакын аппарат чыгарылганын айткан Эрдоган, учурда көптөгөн өлкөлөрдө жана Түркиянын 81 облусунда жигердүү колдонулуп жаткандыгын билдирди.

1625111
Түркиянын атамекендик дем алуу аппараты 30дан ашуун өлкөдө колдонулуп жатат

Атамекендик дем алуу аппараттары 30дан ашуун мамлекетте колдонулуп жатат.

Biosys Biomedical компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы менеджери Жемал Эрдоган, Саламаттык сактоо министрлиги менен Өнөр жай жана технология министрлигинин жетекчилиги астында Арчелик, АСЕЛСАН, Байкар жана Biosys инженерлеринин мобилизациясы менен өткөн жылы массалык өндүрүшү башталган Biovent интенсивдүү терапия түрүндөгү механикалык желдеткич шайманынын максималдуу көлөмдө суткасына 300 даанага чейин чыгарылышы мүмкүн экендигин айтты.

Буга чейин 20 миңге жакын аппарат чыгарылганын айткан Эрдоган, учурда көптөгөн өлкөлөрдө жана Түркиянын 81 облусунда жигердүү колдонулуп жаткандыгын билдирди.

Өндүрүлгөн респираторлордун болжол менен 50 пайызынын чет өлкөлөргө экспорттолгонун белгилеген Эрдоган: «Алардын арасында Бразилия, Казакстан, Азербайжан жана Румыния дагы орун алган 30дан ашуун өлкө бар. Түркиядан чыккан атамекендик технология ал өлкөлөрдө адамдардын деми болуп келе жатат. Ошондой эле Африкага жардам максатында көптөгөн шаймандарды жөнөттүк»,-деди.

Эрдоган атамекендик дем алуу шайманынын окшошторуна салыштырмалуу  жетиштүү түрдө өзгөчөлүктөргө ээ экендигин жана анын ичиндеги «Жогорку агымдуу кычкылтек терапиясы» өзгөчөлүгүнүн жаңы түрдөгү коронавирусту (Ковид-19) дарылоодо абдан пайдалуу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар