Түркиянын жашылча жемиш экспорту

Жер Ортолук жашылча-жемиш экспортчулар биримдигинин төрагасы Неждат Син, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркиянын январь-март мезгилдериндеги сектордук экспортуна баа берди.

1620390
Түркиянын жашылча жемиш экспорту

Түркиянын жашылча-жемиш экспорту 22 пайызга өсүп, 774,5 миллион долларды түздү.

Жер Ортолук жашылча-жемиш экспортчулар биримдигинин төрагасы Неждат Син, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркиянын январь-март мезгилдериндеги сектордук экспортуна баа берди.

Бул мезгилде Түркиянын экспорту, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өскөнүн белгилеген Син: «Жылдын биринчи чейрегинде Түркиянын жаңы мөмө-жемиштери былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга өсүп, 774,5 миллион долларга жетти. Бул жетишкен ийгиликтерде эффективдүү, сапаттуу  жана коопсуз өндүрүштү туруктуу кылыш үчүн жалпы акылмандык менен жүргүзгөн иштерибиз натыйжалуу болууда»,-деп айтты.

Син ошондой эле өлкөлөрдүн негизинде экспорт жөнүндө маалымат берип, мындай деди: «Жылдын биринчи чейрегинде биз эң көп экспортту 14 пайыздык өсүш менен Орусияга жасадык, ал 228,9 миллион доллар болду. Бул өлкөнү 90 пайызга өсүш жана 76 миллион доллар менен Ирак, андан кийин Румыния 17 пайыз өсүш жана 69,2 миллион доллар менен үчүнчү орунду ээледи. Биз жогорулаган өлкөлөрдүн катарында Сирия 364% га жана 22,7 миллион долларга, Ливия 156% га жана 6 миллион долларга, Австрия 112 пайызга жана 7,3 миллион долларга өскөнүн көрдүк. Индия, Улуу Британия, Бириккен Араб Эмираттары жана Германия базарларында да манилүү өсүүнү камсыз кылдык».



Тектеш кабарлар