D-8 Уюмунун 10 жылдык жол картасы жана билдирүүсү жарыяланды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда өткөрүлгөн D-8 Уюмунун 10-саммит жыйынында, «2020-2030 D-8 он жылдык жол картасы» кабыл алынды жана жолугушууга байланыштуу билдирүү жарыяланды.

1617548
D-8 Уюмунун 10 жылдык жол картасы жана билдирүүсү жарыяланды

Түркия баштаган Өнүгүп жаткан сегиз мамлекет (D-8), Дакка билдирүүсү менен расизм, басмырлоо, ксенофобия жана исламофобияга каршы күрөшүү ниетин тастыктады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусунда өткөрүлгөн D-8 Уюмунун 10-саммит жыйынында, «2020-2030 D-8 он жылдык жол картасы» кабыл алынды жана жолугушууга байланыштуу билдирүү жарыяланды.

D-8 өлкөлөрү коммерциялык кызматташууну тереңдетүү жана уюмдун күчтүү жана өнүккөн болушун көздөгөн D-8 он жылдык жол картасы менен ички соода көлөмүн D-8 соодасынын жалпы көлөмүнүн кеминде 10 пайызына жеткирүү максатын кабыл алышты.

Ар кандай тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү изилдене тургандыгы белгиленген билдирүүдө, тараптар мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө, тынчтыгына жана жыргалчылыгына келтирилген бардык коркунучтарга, анын ичинде терроризм, сектанттык жана экстремизмге каршы туруп, анын бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүгө чечкиндүү экендиктерин билдиришти.

D-8 өлкөлөрү Дакка билдирүүсү менен расизмге, басмырлоого, ксенофобияга жана анти-мусулманчылыкка каршы күрөшүү ниетин ырасташты.

D-8дин  2017-жылдан бери кезексиз төрагалыгын кылган Түркияга мактоолор айтылган билдирүүдө, «Президент Режеп Таййип Эрдоганга лидерлиги, берилгендиги жана D-8 максаттарын колдоо боюнча жан үрөп аракет кылгандыгы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,делди.



Тектеш кабарлар