Zoom Россиядагы жана КМШдагы мамлекеттик органдарга кызматтарды сатууга тыюу салды

Бул тууралуу Россиянын Коммерсант гезитинин кабарында маалымат берилген.

1616534
Zoom Россиядагы жана КМШдагы мамлекеттик органдарга кызматтарды сатууга тыюу салды

Zoom видео конференция платформасы Россиядагы жана Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги (КМШ) мамлекеттик органдарга жана жарым-жартылай мамлекеттик компанияларга кызматтарды сатууга тыюу салды.

Россиянын Коммерсант гезитинин кабарына ылайык, Zoom бул өлкөлөрдөгү мамлекеттик мекемелерге жана жарым-жартылай мамлекеттик ишканаларга сатуу лицензияларын кайтарып алгандыгы жөнүндө Россиядагы жана КМШдагы дистрибьютору RightConfка негизделген.

Тыюу салуу өзгөчө Россиядагы билим берүү тармагына таасирин тийгизет деген комментарий берген кабарда, Зоомдун чечиминин артында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) санкцияларына байланыштуу кооптонуулар бар экени белгиленди.

Орус мыйзамдарын сактоодогу кыйынчылыктар да компаниянын чечиминде натыйжалуу болгонун белгилеген жаңылыкта, Zoom тарабынан Россия жана КМШ мамлекеттеринде мамлекеттик сектор үчүн айрыкча видеоконференциялар программасын иштеп чыгуу мүмкүн экени белгиленди.

Россия Федерациясынын Санариптик өнүгүү, коммуникация жана массалык байланыш министри Максут Шадаев, 24-мартта берген маалыматында Россия тарабынан Зоомдун альтернатива катары иштелип чыккан программасы 2022-жылы даяр болорун билдирген.

 

 



Тектеш кабарлар