THY Европада лидерлигин улантууда

Европанын Аэронавигациялык Коопсуздук Уюмунун (EUROCONTROL) 29-марттан 4-апрелге чейин учуу кыймылы жөнүндө отчету жарыяланды.

1615041
THY Европада  лидерлигин улантууда

Түрк аба жолдору (THY) Европада күнүнө орто эсеп менен 797 каттам жасап лидерлигин сактап калды.

29-марттан 4-апрелге чейин Европанын Аэронавигациялык Коопсуздук Уюмунун (EUROCONTROL) учуу кыймылы жөнүндө отчетуна ылайык, THY европалык атаандаштарынан күнүнө орто эсеп менен 797 каттам менен ашып өттү.

Air Lufthansa THYден кийин 382 күндүк учуу менен тизменин башында турду. Үчүнчү орунда 380 каттам менен Air France, 4-орунда 312 рейс менен Ryanair, 5-орунда 297 рейс менен Pegasus Airlines жана 6-орунда 272 рейс менен KLM Royal Airline болду.

Отчетто ушул күндөрдүн аралыгында 76 миң 477 каттам аткарылып, трафиктин 3,5 пайызга жогорулаганы белгиленди.


Этикеткалар: #Түрк аба жолдору

Тектеш кабарлар