Түркия биринчи чейректе эң көп экспортту Германияга жасады

Ушул жылдын биринчи чейрегинде Түркиянын эң көп экспорт жасаган өлкөлөрдүн 9,34 пайыздык үлүш менен Германия биринчи болду.

1614468
Түркия биринчи чейректе эң көп экспортту Германияга жасады

Ушул жылдын биринчи чейрегинде Түркиянын эң көп экспорт жасаган өлкөлөрдүн 9,34 пайыздык үлүш менен Германия биринчи болду.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM), маалыматтарынан алынган маалыматка караганда, жылдын биринчи чейрегинде Түркиянын экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,3 пайызга өсүп, 50 миллиард 23 миллион 412 миң долларга жетти.

Түркия жылдын биринчи чейрегиндеги эң ири тышкы сатуусун Германияга жасады.

Германияга экспорт алгачкы үч айда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 586 миллион 483 миң долларга көбөйүп, 4 миллиард 210 миллион 228 миң долларга жетти.

Германиянын Түркиянын экспортунан алган үлүшү 9,34 пайызга жетти.

Германиядан кийин экспорт көп жасалган өлкөлөр катары менен Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары, Италия, Франция, Испания жана Ирак орун алган.



Тектеш кабарлар