ТИКА Ливияда физикалык терапия борборун ачты

Сүйлөнгөн сөздөрдө айрыкча президент Режеп Таййип Эрдоганга, ТИКАга жана түрк элине ыраазычылык билдирилди.

1614252
ТИКА Ливияда физикалык терапия борборун ачты

Ливиянын Мисрата шаарында Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) тарабынан курулган Түрк-Ливия достугу физикалык терапия борбору салтанаттуу азем менен пайдаланууга берилди.

Куран окулгандан кийин Ливиянын мамлекеттик гимни жана Түркиянын Мамлекеттик гимни ойнолуп башталган салтанатта сүйлөнгөн сөздөрдө айрыкча президент Режеп Таййип Эрдоганга, ТИКАга жана түрк элине ыраазычылык билдирилди.

Түркия-Ливия достугу физикалык терапия борбору 2400 чарчы метр жабык жана 5 миң чарчы метр ачык аянтта курулган. Мекеменин ичинде аялдар, эркектер жана шашылыш ортопедиялык кийлигишүү сыяктуу 3 бөлүм бар.

38 дарылоо бөлүмү жана 2 дарылоо бассейнинен турган борбор айына орто эсеп менен 6 миң бейтапты дарылап, кароодон өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Түркия-Ливия достугу физикалык терапия борбору буга чейин Ливиядагы ички башаламандыктан жана саясий туруксуздуктан улам кийинкиге калтырылган. Бул борбор Ливия менен 2020-жылдын 21-январында Түркия менен Ливиянын Саламаттык сактоо министрликтери жана ТИКАнын ортосунда кол коюлган өткөрүү-кабыл алуу протоколу менен Ливиянын Саламаттык сактоо министрлигине кызмат көрсөтүү үчүн ачылган.



Тектеш кабарлар