Түркиянын автомобиль рыногу биринчи чейректе 60 пайызга өстү

"Автомобиль жана жеңил коммерциялык унаалар рыногуна баа берүү отчету" жарыяланды.

1613656
Түркиянын автомобиль рыногу биринчи чейректе 60 пайызга өстү

Түркиянын жеңил унаалар жана жеңил соода унаалары рыногу биринчи чейректе өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59,7 пайыз өсүү көрсөттү.

Автомобилдик дистрибюторлор ассоциациясы (ODD) январь-март айлары жана март айына байланыштуу "Автомобиль жана жеңил коммерциялык унаалар рыногуна баа берүү отчетун" жарыялады.

Отчетко караганда Түркиянын жалпы жеңил автоунаалар жана жеңил коммерциялык унаалар рыногу, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда алгачкы үч айда 59,7 пайызды түзүп, 198 миң 660 даанага жетти.

Автомобилдердин сатылышы гана 57 пайызга көбөйүп, 156,464 даанага жетсе, жеңил соода унаалары рыногу 70,3 пайызга өсүп, 42196 даанага жетти.

Автомобиль жана жеңил коммерциялык унаалар рыногу март айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 92,8 пайызга өсүп, 96 428 даанага жетти. Унаалардын сатылышы 91,4 пайызга өсүп, 76 357 даанага жетсе, жеңил коммерциялык унаалар рыногу 98,3 пайызга өсүп, 20 миң 71 даанага жетти.



Тектеш кабарлар