ОПЕК + мүчө мамлекеттери мунай өндүрүшүн акырындык менен көбөйтүү чечимин кабыл алышты

Бул чечим Видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн 15-Министрлер кеңешмесинен кийин чыкты.

1613496
ОПЕК + мүчө мамлекеттери мунай өндүрүшүн акырындык менен көбөйтүү чечимин кабыл алышты

Мунай Экспорттоочу Өлкөлөр Уюмунан (ОПЕК) жана кээ бир ОПЕКке мүчө эмес өлкөлөрдөн турган 23 ОПЕК + мүчө-мамлекеттеринин энергетика жана мунай министрлери май, июнь жана июль айларына карата мунай өндүрүшүн акырындык менен көбөйтүү чечимин кабыл алышты.

Видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн 15-Министрлер кеңешмесинен кийин ОПЕК тарабынан жасалган билдирүүдө, 23 мамлекеттин 2020-жылдын декабрь айында айына жарым миллион баррель өндүрүүнү көбөйтүүнү чечкендиги жана кийинки үч айда суткасына 500 миң баррелден ашпаган жогорулоонун боло турганы кабарланды.

ОПЕК + өлкөлөрү май жана июнь айларында суткалык өндүрүшүн 350 миң баррелге, ал эми июль айында болжол менен 441 миң баррелге көбөйтүшөт.

Ал эми Сауд Арабиясы февраль айында жарыяланган күнүнө 1 миллион баррелге кошумча кыскартууну ыктыярдуу түрдө алып салат.

Сауд Арабиясынын энергетика министри Абдулазиз бин Салман, жыйында сүйлөгөн сөзүндө май айына күнүнө 250 миң баррель, июнь айына 350 миң баррель, июль айында 400 миң баррель көбөйтүлөрүн айтты. Буга ылайык, ОПЕК + тобунун өндүрүшү июль айында 5 миллион 800 миң баррелдин тегерегинде кыскарат.

ОПЕК + тобу министрлердин кезектеги жыйынын 28-апрелде өткөрөт.



Тектеш кабарлар