Кеме жана яхта секторунун экспорту өстү

Сектор өткөн айда экспорттун көпчүлүгүн Норвегияга жасады.

1613785
Кеме жана яхта секторунун экспорту өстү

Түркияда кеме жана яхта сектору март айында экспортун эң көп жогорулаткан тармак болду.

Март айындагы экспорттун көлөмү, өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 42,2 пайызга өсүп 18 миллиард 985 миллион долларды түздү.

Түркиянын Экспортчулар Ассамблеясынын (TIM) көрсөткүчтөрүнө караганда, 2020-жылдын март айында 68 миллиондон 798 миң доллар болгон кеме жана яхта секторунун экспорту быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 123,8 пайызга өсүп 153 миллион 993 миң долларга жетти.

Кеме жана яхта секторунун экспортунун Түркиянын жалпы экспортундагы үлүшү 0,9 пайызды түздү.

Сектор өткөн айда экспорттун көпчүлүгүн Норвегияга жасады.  

Февраль айында Норвегияга 108 миллион 571 миң долларлык экспорт жасалды.  

Норвегиядан кийин 11 миллион 686 миң доллар менен Мальта, 9 миллион 70 миң доллар менен Америка, 6 миллион 718 миң доллар менен Улуу Британия жана 6 миллион 480 миң доллар менен Румыния ээледи.



Тектеш кабарлар