Варанк: «Инвестицияга болгон талаптын күчтүү тенденциясы уланып жатат»

Варанк Твиттердеги баракчасынан февраль айында берилген инвестицияларды стимулдаштыруу сертификаттары жөнүндө маалымат берди.

1613013
Варанк: «Инвестицияга болгон талаптын күчтүү тенденциясы уланып жатат»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк инвестицияга болгон талаптын күчтүү тенденциясы уланып жаткандыгын билдирди.

Варанк Твиттердеги баракчасынан февраль айында берилген инвестицияларды стимулдаштыруу сертификаттары жөнүндө маалымат берди.

Билдирүүсүндө: «Инвестицияга болгон суроо-талаптын күчтүү тенденциясы уланууда» деген Варанк, февраль айында берилген инвестицияларды стимулдаштыруу сертификаттарынын саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 41,6 пайыздык өсүү менен 943, болжолдонгон кошумча жумуш менен камсыз кылуу 23,9 пайыздык өсүү менен 26 миң 886га жана туруктуу инвестиция көлөмү 2,3 пайызга көбөйүп 15,6 миллиард лирага жеткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар