Чанаккаленин Гейикли  зайтун майы жана Йениже кызыл калемпири географиялык көрсөткүчтү алды

Толукталган географиялык көрсөткүчтөрдөн кийин, учурдагы максат - эл аралык аренада таанытуу жана каттоодон өтүү.

1609471
Чанаккаленин Гейикли  зайтун майы жана Йениже кызыл калемпири географиялык көрсөткүчтү алды

 Чанаккаленин Гейикли  зайтун майы жана Йениже кызыл калемпири Түрк патент жана соода маркасы кеңсеси  тарабынан расмий географиялык көрсөткүчтү алды.

Эзине быштагы, Чанаккале килеми, Байрамич беязы (Каз тоолорунун эндемикалык мөмөсү болгон географиялык белгисин алган нектарин),  Байрамич алмасы, Бозжаада  чавуш жүзүмү менен 5 продукциядан кийин Чанаккаленин Гейикли зайтун майы жана Йениже кызыл калемпири да географиялык көрсөткүчкө ээ болду.

Чанаккале Он секиз март университетинин айыл  -  чарба факультетинин деканы профессор Мурат Йылдырым бул тууралуу берген маалыматында Гейикли зайтун майына географиялык көрсөткүчтүн алынышынын продукция жана аймак үчүн чоң мааниге ээ экендигин айтты. Йылдырым Гейиклинин салкын климаттык шартка ээ болушу, кычкылтектин көп болушу сыяктуу бир топ маанилүү географиялык  өзгөчөлүктүн башка продукцияларда болгондой зайтун майында да сапатка оң таасирин тийгизгенин айтты.

Толукталган географиялык көрсөткүчтөрдөн кийин, учурдагы максат - эл аралык аренада таанытуу жана каттоодон өтүү.



Тектеш кабарлар