Түркиянын тропикалык мөмө-жемиш экспорту

Тропикалык мөмөлөрдүн экспорту акыркы 3 жылда болжол менен 38 пайызга өстү.

1608337
Түркиянын тропикалык мөмө-жемиш экспорту

Түркия былтыр 57 өлкө жана аймакка 6 миллион 461 миң долларлык тропикалык мөмө-жемиш экспорттоду.

Тропикалык мөмөлөрдүн экспорту акыркы 3 жылда болжол менен 38 пайызга өстү.

Эгей жашылча-жемиш жана мөмө экспорттоочулар ассоциациясынын башчысы Хайреттин Учак: «Түркиянын жалпысында тропикалык мөмөлөрдүн экспорту 2018-жылы 4 миллион 690 миң доллар, 2019-жылы 5 миллион 110 миң доллар болсо 2020-жылы 6 миллион 461 миң долларга жетти. Өлкөбүздө өстүрүлүп экспорттолгон тропикалык мөмө-жемиштердин түрлөрү көбөйтүлүп, кошумча нарк чынжыры барган сайын өсүп жатат»,-деди.



Тектеш кабарлар