Moody's: «Ковид-19 керектөөнү басат»

Moody's тарабынан жасалган билдирүү.

1607957
Moody's: «Ковид-19 керектөөнү басат»

Эл аралык Moody's кредиттик рейтинг агенттиги Европада жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына каршы күрөшүү үчүн киргизилген чектөөлөр ушул жылдын биринчи жарымында керектөөнү басат деп күтүп жатканын жарыялады.

Moody's тарабынан жасалган билдирүүдө Европада эпидемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөр 2021-жылдын биринчи жарымында керектөөнү басат деп күтүлүп жаткандыгы жана керектөөчүлөрдүн ишеними ансыз деле төмөн экендиги кабарланган.

Европада вакцинациянын жай жүрүп жаткандыгы, оорулардын саны көбөйгөнү жана бул 2021-жылдын экинчи чейрегинде үй чарбаларынын керектөөсүнө таасирин тийгизээри белгиленген билдирүүдө Европада керектөөнүн көбөйүшү Ковид-19 эмдөөсүнүн ар тараптуу камтуу жыйынтыгына байланыштуу экендиги баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар